Мамлекет баарына жетишпейт…
Чындыгында эле ушундай. Учурда чамасы чак мамлекеттин калктын аялуу катмарына көрө турган камкордугу чектелүү. Мына ушул милдетти мамлекеттик эмес уюмдар аткарып келе жатат. Майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, каражаты жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдарына, жетимдерге, айтор калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө кол сунган мамлекеттик эмес уюмдар көп. Ошондой эле турмуштун оор запкысына кабылган кырдаалдарда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка туш болгон кыз-келиндердин, зомбулукка кабалган жаш жеткинчектердин, айрыкча кыз балдардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн таяна турганы мамлекеттик эмес уюмдар. Буга кошумча чоңдордун керектүү кесипке ээ болушу үчүн окууларды, коомчулуктун саламаттыгына кам көрүп, калкты маалымат менен камсыздоо, гуманитардык жардамдарды камсыздоо ж. б. маселердин орчундуусун мойнуна көтөргөндөр дагы мына ушул уюмдар. Биз бүгүн алардын эмгегин (айрымдарын гана) айтып берүүнү максат кылдык.
Күндүн жарыгын тийгизген Светлана…
Алыскы Кызыл-Кыя шаарындагы Светлана Халбаева жетектеген “Луч солнца” коомдук уюму калктын аялуу катмарына жардам берип келе жатканына көп жылдардын жүзү болду. Мындай тагдырды өз башынан өткөрүп, уулун коомдун жашоосуна аралашып кетүүсүнө жетишкен Севетлана бул аралыкта көптөгөн майыптыгы бар жеткинчектерге кам көрүп келет. Уюм 3 жаштан 35 жашка чейинкилерди камкордукка алып, канатына калкалап келет. Аларды дарылоо, окутуу, кесипке даярдоо уюмдун негизги милдети. 25 жылдан бери бул милдетти аркалаган уюмдун учурда баш калкалаган имараты дагы эскирип калыптыр. Сөз арасында жетекчи келечекте кыргыз бийлиги, Жогорку Кеңеш баш болуп, жергиликтүү бийлик айрыкча региондордогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, айрыкча жаш жеткинчектердин дарылануусуна, билим алуусуна, бир кесипке ээ болуп, коомдун толук кандуу мүчөсү катары аралашуусуна жетишсе, чоң жетишкендик болмок дейт. Эгерде тараптар мамлекеттик эмес уюмдарга колдоо көрсөтүп, эриш-аркак иш алып барса, элге дагы жеңил болоорун айтат.
Светлана Халбаева көп учурда өздөрүнүн күчү менен иш алып бара тургандыктарын, былтыр “Кыргыз Чилдренс Фьючер” уюмунун көмөгү аркылуу жакшы иштер жасалгандыгына токтолду. 1998-жылы өз ишин баштаган уюм ушул мезгилге чейин элетте жашаган майып балдардын билим алуусуна жардам кылып, алардын ата-энелеринин майып балдарга кам көрүү боюнча кеп-кеңештерди алуусу үчүн окууларды уюштуруп келе жатышыптыр. Ата-энелердин балдарынын укугун, ошондой эле өздөрүнүн укугун коргогонду үйрөтүп, көптөгөн треннингдерди өтүшкөн. 10 жыл мурун жергиликтүү бийлик бөлүп берген имараттын эскилиги жетип, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен ремонттон өткөрүшкөн, учурда муздаткыч, ашкана үчүн плита, духовка, аутист балдарды окутуучу жабдуулар, ДЦП балдар үчүн тренажерлор болсо деген тилегин айтат. Эң негизгиси, эски болсо дагы, балдарды ташый тургандай унаа керек экен.
Ички мигранттардын балдары менен иштешет…
Мира Итикеева жетектеген “Балдарды Коргоо Борбору» коомдук бирикмеси жаңы конуштардагы турмуштук кыйын кырдаалга кабылган ички мигранттардын үй-бүлөлөрү жана алардын балдары менен иш алып барып келе жатканына 20 жылдын жүзү болду.
Бул жылдар ичинде ички мигранттардын жашоосун жакшыртуу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иш алып барышат.
Алар тарабынан негизделген баш калкалоочу жайда (приютта) жылына 70-80ден ашык зордук-зомбулуктан жабыркаган жана оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар психо-социалдык жардам, толук кандуу реабилитация алышат. Приютта мектепке эч качан барбаган балдар же мектепке 1-2 жыл бою барбаган балдар билимин толукташат экен. 2 күндүзгү борбор Ош жана Дордой базарларына жакын жайгашыптыр. Ал жерде ички мигранттардын оор турмуштук кырдаалга кабылган балдары психо-социалдык жардам менен катар жумасына 5 күн ысык тамак ичишет экен. Ошол эле борборлордо социалдык кызматкерлер жөлөк-пул алуу, алимент, документтерди калыбына келтирүү боюнча укуктук акысыз консльтацияларды беришет. Биз мындай көзгө көрүнбөгөн көйгөйлөрдү чечкенге жардам бермек турсун, кеп деле кылбайбыз. Мира Итикеева жетектеген уюм алкышка гана татыктуу…
“Эр айымдын” эрдиги…
Ракыя Жусупова жетектеген “Эр айым» аялдар коомдук бирикмеси тууралуу билбеген кыргыз аз. Эже жетектеген уюм эгемендүүлүк менен катарлаш эле социалдык-экономикалык багытта иш алып барат. Калктын аялуу катмары менен өз ара жардам топторун түзүу аркылуу көйгөйлөрүн өз колдору менен чечүүгө жардам беришет. 2010-жылдагы улут аралык кагылышта да өз ара жардам топторун негизги ыкма катары колдонуп, канчалаган жарандардын көйгөйлөрүн чечишкен. Себеби түштүктөгү кагыл болгон аймактарда иштеп ӨЖТ(өз жардам топтору) ,БӨЖТ (балдар өз жардам топтору) аркылуу улуттардын ортосундагы ынтымак, биримдикти бекемдөө аркылуу алардын экономикалык деңгээлинин көтөрүлүшүнө, социалдык маселелеринин чечилишине ар кандай темадагы окууларды өтүү аркылуу алардын аң-сезиминин өзгөрүшүнө таасир берип, туура багыттарга жол көрсөтүшкөн. Уюм күнгө чейин 5000ден ашык жумуш орундарын ачууга салым кошкон.
Бала бакчалардын альтернативдик варианты болгон 63 төн ашык эне мектептерин ачкан.
Чыр-чатак, уруш-талаштарды сотко жеткирбей чечүү максатында максаттуу аймактарда 12 медиатор даярдашкан.
Уюмдун психологдору депрессиядан жабыркаган адамдарга жардам беришет. “Эр айым” уюму Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарын камтыйт. Уюм жарыгын тийгизбеген элет айылдары дээрлик жок. Анткени, республика боюнча 500 гө жакын өз ара жардам топторун түзүшкөн. Мындай өз ара жардам топторун түзүү элдин акивдүүлүгүн көтөрүүдө эң мыкты курал. Бул жаңыдан телчигип келе жаткан биз сыяктуу өлкөлөргө абдан керектүү ыкма десек болот. Элдин башын бириктирип, алардын өз көйгөйлөрүн чечүүдө бири-бирине карамдуу болуп, ынтымак орношуна шарт түзөт. Башкача айтканда, Өкмөттүн эле көзүн карап отура бербестен, айылындагы, көчөсүндөгү өздөрүнүн колунан келген көйгөйлөрүн өздөрү чечип алууга шарт түзөт. Максаты айыл жеринде жарандык институттарды түзүп, жергиликтүү бийликтин ишин жеңилдетүү. Мындай эриш-аркак иш алып баруу элдин көйгөйүн жеңилдете турганы белгилүү.
Отуз жылга чукул аяк баскан “Эр айымдын” Кыргызстандын булуң-бурчунда аткарган соуиалдык долбоорлорун санап чыга албай койдум чынында, өтө эле көп экен. Долбоорлорду ишке ашырууда кол кабыш кылган АКШ элчилигинин алдындагы Демократиялык институт, Даниянын Питер Марслинг уюму, Швейцариянын Каритас эл аралык уюму, Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму, Даниянын Тышкы иштер министрлиги, эл аралык көчкүндөр уюму (МОМ), Австрия өнүгүү агенттиги, айтор, булардын саны өтө көп. Жогоруда айткандай Ракыя эже башында турган уюм өлкөнүн булуң бурчунда өз ара жардам топторун түзүп, социалдык долбоорлорду ишке ашырууда эң алдыңкы катарда экен. Учурда ELCA долбоорунун негизинде Ысык-Көлдө Тогуз Булак айылын,Жумгалда Чаек айылын,Базар-Коргондо Жон айылын,Кара-Сууда Учкун айылын камтып, техникалык гранттарды берип, жумуш орундарын ачып жатышыптыр. Калктын аялуу катмарына укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү иштери өз нугунда жүрүп жатыптыр. Биз учкай гана кеп кылган Ракыя Жусупова эже жетектеген “Эр айым” аялдар коомдук бирикмесине ийгилик каалайбыз.
Укугун билген уттурбайт…
Эл аралык Коргоосуна Көмөктөшүү Борбору (Центр Содействия Международной Защите) Кыргызстанда иш алып барып жатканына көп убакыттын жүзү болду. Борбордун негизги иш алып барган тараптары, калктын аялуу катмарын түзгөн үй-бүлөөлөрдүн таянычы болгон мигранттар. Эгер аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн ата-энелерине укуктук жардам берилбесе, чынында өтө кыйын. Бул маселени жакындан билген борбордун жетекчиси Акылбек Ташбулатов баштаган укук коргоочулар мигранттардын укугу, адам сатууга каршы күрөшүү жаатында өтө көп иштерди аткарып келишет. USAID эл аралык уюмунун колдоосунда “Борбор Азиядагы коопсуз миграция” долбоор аркылуу уюм чет элге барып, ар кандай кесиптин ээси болуп, каражат табууну максат кылган мигранттарга укуктук колдоо көрсөтүп келишет. Канчалаган мезгилдерден бери тынымсыз окуулар, маалыматтык панелдер орнотулуп, адам сатуу жана миграция боюнча маалыматтык колдоолорду көрсөтүшөт. Ушул эле багытта Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларында маалыматтык сессияларды ишке ашырып, флешмобдорду өткөрүшөт. Алдыда Эл аралык Коргоосуна көмөктөшүү борбору адам укуктарына байланыштуу бир катар максаттарды ишке ашыруу менен катар эмгек мигранттарына укуктук жардамдарды берүүнү улантат. 2007-жылдан бери иш алып барган уюмдун кабылдамалары калктын аялуу катмарына, мигранттарга укуктук жардамдарды акысыз, көзмө-көз жана зарыл учурда онлайн көрсөтүшөт. Укугун билген уттурбайт эмеспи, бул дагы калктын аз камсыз болгон катмарына көрсөтүлгөн чоң колдоо…
“Сезим” борбору аялдарга таяныч…
Бүбүсара Рыскулова эже жетектеген “Сезим” кризистик борбору 1998-жылдан бери иш алып барат. Уюмдун негизги милдети зомбулуктан жапа чеккен аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жана аларга укуктук, психологиялык жардам берүү болуп саналат. Ошондой эле акысыз адвокаттык жардамдар көрсөтүлөт. Учурда зордуктан жана зомбулуктан жапа чеккен кыз-келиндердин соттук иштеринде коомдук коргоочу катары иш алып барышат. Ошондой эле кризистик борбордун алдында “Нур” деп аталган зордук-зомбулуктан жапа чеккен кыз-келиндер транзиттик, тактап айтканда убактылуу баш калкалоочу жай иш алып барат. Ал жердеги кыз-келиндерге укуктук, психологиялык жардамдар көрсөтүлөт. Жылына “Сезим” кризистик борборуна 28-30 миң жарандардын арыз менен кайрылуусу уюмдун ишинин канчалык көлөмдө экендигинен кабар берет. Борбор адам сатууга дуушар болгон, мындай зомбулуктан жабыркаган аялдарга реабелитациялык жана реинтеграциялык жардамдарды дагы көрсөтөт. Бул багытта “Сезим” кризистик борборунун негизги өнөктөшү Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) болуп саналат. Борбор ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги менен дагы тыгыз иш алып барат. Уюмдун ошондой USAID программасынын “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында иш алып барат. Учурда сот тармагы менен кызматташып, зордук-зомбулуктан жапа чегип, сотко кайрылып, бирок, иши ара жолдо калган же зордук көрсөткөн тарап айып пул менен гана чектелген кыз- келиндердин иштерин кароо менен алектенип келишүүдө.
Канышай Мамыркулова
Бул материал «Медиа Өнүктүрүү Борбору» коомдукфонду менен Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасынын өнөктөштүгүндө, «Strong CivilSociety Makes a Strong State Campaign» долбоорунуналкагында даярдалып, Кыргыз РеспубликасындагыАмерика Кошмо Штаттарынын элчилигинин колдоосуменен жарык көрдү.