Контактная информация

Бульвар Эркиндик 35, 720040, Бишкек.

Башкача болушу мүмкүн эмес. Билип-билбей, маалыматалбай туруп, өлкөдөгү мамлекеттик эмес уюмдардын канчажылдан берки эмгегин, жасаган иштерин жокко чыгаруу, ага кошулупКоммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгүчаласабат мыйзам долбоорун коомчулукка таңулоо күчөдү. Чынында мамлекеттик эмес уюмдардын айрыкча элетжеринде инфрастуктураны өнүктүрүү жаатында аткарыпкелген, аткарып жаткан жана аткара турган иштери арбын. Алар тарабынан суу чыгаруу, жол жана тротуарлардытөшөө, таштанды тазалоо, балдар аянтчаларын, парктардыжана скверлерди куруу, электр жана интернет киргизүү, ашар жолу менен турак-жайларды куруу сыяктуу көптөгөништер жасалып келген, эми дагы жасалат. Биз эмнеге булартууралуу айтпайбыз? Айта турган жердебиз. Бүгүн ушулмилдетти аркалап көрүүнү туура таптым, жыйынтыгынөзүңүз чыгарасыз

Суу сыйлаган зор болоор

FSDS тин эмгеги

“Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) уюмубизде эле эмес Орто Азияда таанымал. Калктын аз камсызболгон катмарынын жашоолорун социалдык интеграцияжана экономикалык жактан акыйкат өнүгүү аркылуужогорулатууга басым жасап келет. Бул фонд аркылуу 20 миңден ашуун адам өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүнкеңирилетип, 1700дөн ашуун адам иш менен камсыз болгон. 557 кичи жана орто бизнес ачылып, 765 мүмкүнчүлүгүчектелген балдар камкордукка ээ болушкан.

Өлкөдө жарым млн го жакын адам ичүүчү таза суунункөйгөйүн тартып келе жатканы белгилүү. Арыктан, булактан, дарыядан, каналдан суу ичип, ал түгүл алыскыжерден суу ташып ичип, күн көргөн айылдар бар.   Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) уюму коңшулашТажикстан менен кошо 2017-жылдан бери 30 дайайылдардын элинин таза суу ичишине шарт түзгөн.  УюмКР айыл чарба министрлиги, райондук администрацияларжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, суупайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелери менентыгыз иш алып барат. Уюмдун аракети менен Ошоблусундагы Ынтымак, ТөөМоюн айылдары, Кеңеш айылаймагы, Араван районундагы Маңгыт айылы, Тоңрайонундагы Эшперов айылы, АлаБука районунун 1-Майайыл аймагы, АйрыТам айылы сыяктуу бир топ айылдартаза суу ичүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Тактап айтсак, Ошрайонуна караштуу ТөөМоюн айыл аймагында 9 скважинаказылып, 250 гектардан ашык жерде жайгашкан үйлөрдүтаза суу менен камсыздайт. Жети айылды таза суу мененкамсыз кылуу үчүн 2 суу алгыч курулуп, техникалык суутүтүктөрү иретке келтирилген.

Fair & Sustainable Development Solutions Нарын, ЫсыкКөл, ЖалалАбад облустарындаалкагында Туура тамактанууүчүн жергиликтүү тамакаш системасын колдоодолбоорунун алкагында эскилиги жеткен суу куурларынжана түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп келет. Мындансырткары жергиликтүү дыйкандарды, аз камсыз болгонкатмарды, ден соолугу калыбында эмес жашжеткинчектерди колдоо жаатында көптөгөн долбоорлордуишке ашырып келет. Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS) жана Kyrgyz Community Based Tourism Association (КЦБТА) GIZ программасынын колдоосу мененЖалалАбад облусунда 2 жылдык туризмди өнүктүрүүдолбоору ишке ашкан.  Европа Биримдиги жанаГерманиянын Экономикалык Кызматташтык жанаӨнүктүрүү боюнча Федералдык Министрлиги (BMZ) биргелешип каржылаганАймактарды комплекстүүөнүктүрүү”.

KCBTA жана FSDS туристтик продуктылардыдиверсификациялоо жана өнүктүрүү жана ЖалалАбадоблусунун 7 пилоттук коомчулугунда туризмди өнүктүрүүүчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча биргелешипиштер жасалган. Аталган уюмдун аркасы менен өткөнжылдары эле Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган25 долбоор аткарылган. Эмне үчүн ушундай жакшыиштерди коомчулукка айтып турбайбыз?

 

Махпиреттин кичинекей мамлекети

Мамлекеттик эмес уюмдардын ишаракеттерине кызыгыпотуруп, бир далай жакшы иштерди жолуктурдум. Арасындаалыскы чек ара аймагында иш алып барган МахпиретАбдрахманова жетектегенАйылдык демилгеасоциациясыдагы бар. Баткендеги улгайган жана мүмкүнчүлүгүчектелген замандаштар үчүн 2015-жылдан бери дем алууборборун ачып, иш алып барат экен. Ал жерде жергиликтүүайымдар, апалар кол өнөрчүлүк менен алек болуп, эс алып, кыскасы күнүмдүк тиричиликтен бир аз да болсо башкөтөрүп, баарлашууга шарт түзүлүптүр. Алдыда дагымындай замандаштардын ден соолугуна кам көрө турганбир топ жакшы долбоорлору бар экен. “Дени сак улут, денсак мамлекетдеген ураандын уюткусу ушунда эмеспи. Тактап айтканда, Баткен шаарындагы жогоруда айтылыпжаткан улгайган жарандардын күндүзгү ресурстукборборлору жемиштүү түрдө иш алып барууда.   2015-жылы ГолландиялыкElnura” Фонду жанаWild Geeseуюмдарынын колдоосу менен  Баткен шаарындагымуниципалдык мекемеге карылардын борбору ачылган. Булборбор жашы улгайган жарандардын жолугушуп, баарлашуучу жерине айланган. Бул жерде бардык шарттартүзүлүп (улуттук жана евро кааналары, даараткана ж.б. у.с) эс алууга толук мүмкүнчүлүк бар.

 

Инсан-Лейлектинийгилиги

Чек ара аймагында иш алып барган мамлекеттик эмесуюмдардын сап башында Гүлнара Дербишова эжежетектегенИнсан-Лейлекуюму жалпыга жакшы тааныш. Калктын аялуу катмарына кирген алыскы аймактагымигранттардын тагдырын Гүлнара эжедей билгендер аз болсо керек. Аларга укуктук жардам көрсөтүүдө аткаргаништерин санап отурсаң түгөнбөйт. Бир аз күн мурун эле “Инсан-Лейлеккоомдук уюмунун мүчөлөрү Москва шаарында мигранттар Профсоюзунун аялдар канатынынөкүлдөрү менен жолугушту. Айта кетүүчү жагдай, мигранттардын Профсоюзу “Инсан-Лейлектинжардамыменен түзүлгөн эле. Иш-чарада эки тарап иш берүүчү мененжумушчунун ортосундагы эмгек мамилелери, эмгеккелишимдери, кепилдиктер сыяктуу орчундуу маселелердиортого салышты. “Инсан-Лейлек» коомдук уюму HungarianInterChurch Aid биргеликте чек арада жашаган 200 үй-бүлөгө жардам көрсөткөн. Айрыкча чек арадагы окуяларорун алган кезде алыскы Лейлектеги Гүлнара Дербишоваэже жетектеген уюм дайыма алдыңкы катарда болгонубелгилүү.

Ошол чек ара аймакта жашаган мигрант жана аз камсызболгон үй-бүлөөлөрдүн балдары үчүнМырзайымдепаталган балдардын билим берүү борборун ачкан. Көпжылдан бери “Мигрант мектебинишке киргизгенИнсан-Лейлеккоомдук уюму эмгек мигранттарына өз укуктарынкоргоп, коопсуз эмгек шарттарына ээ болуп, татыктуу айлыкалып, эмгек келишимдерди түзүп эмгектенүүсүнө укуктукжактан жардам берип келет. Ошондой эле коомдук уюмБаткенде чек ара аймакта жашаган аялдардын ишкерлигинөнүктүрүү боюнча дагы иш алып барып келет. Made byBatken woman платформасынын алкагында 500 дөн ашуунэлеттик аялдар киреше алып келүүчү ар кагдай окууларданөтүшкөн. Алардын ичинен 30у бизнес баштоо үчүнжабдууларга ээ болушкан. Ошону менен үй шартындатигүү, тамак-аш даярдоо, мөмө-жемиштерди кургатуу, сүтазыктарын кайра иштетүү сыяктуу ишкерликке өтүшкөн.

Инсан-Лейлек” Сорос фондунун көмөгү менен Баткендегижарандык коом менен жергиликтүү бийликтин эриш-аркакиштешине шарт түзө турган окууларды өткөргөн. 2022-жылдагы чек ара чатагынан улам бүлүнгөн элге ООНдункөмөгү мененИнсан-Лейлекөтө көп жардам көрсөткөн, мындай жакшылык иштерин санап отурсаң барак түтпөчүдөй. Өткөн жылы эле уюм мамлекеттик эмесуюмдардын башын кошконЭлетканаплатформасын“Сорос-Кыргызстан” фондусунун көмөгү менен ишкеашырган.

 

Ашарчы Акмарал

Оштогу Youth of Osh коомдук уюму тууралуу окуп жатып, жетекчиси Акмарал ашар жолу менен жаштар борборункуруу үчүн 12 млн сом жыйнаганын окудум. Экинчиборборго зарыл болгон мындай керемет жайды курууга бел байлаганга эмне деген эрк керек?

Youth of Osh уюмунун уаталган регионго жасап жаткаништерин санап отурсаң, чети оюлбайт.

Акмаралдын жетектөөсү мененЖаратман Жаштар» долбоорунун катышуучулары Айдаркен шаарынынжаштары бош убактысын пайдалуу жана сапаттууөткөрүүсү үчүн антикафе ачышкан. Ал борбордо окуучуларкритикалык ой жүгүртүү, коммуникациялык көндүмдөрүн, лидерлик сапаттарын өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк алышат экен.

Тилектеш Жамааттардолбоорунун алкагында Баткен облусунун чек-ара аймактарындагы экономикалыкмүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында берилген гранттарбоюнча Кара-Бак айылынын тургуну Мурзапаров Акылбекбетон аралаштыргыч утуп алыптыр. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун бүткүл аймактарында курулуш кызматтарынкөрсөтүп жатыптыр. Бир айлык орточо кирешеси айына 600 000 түзөт экен, ошондой эле 12 адамды иш менен камсызкылыптыр.

Тилектеш Жамааттардолбоорунун алкагында ушул эле Кара-Бак айылынын тургуну Мурзапаров Куштарбек эмерекцехин ачуу үчүн грант утуп алыптыр. Айылындагыларгабуйуртмага эмеректин бардык түрлөрүн жасап, бир айлыккирешесин 300 000 чейин көтөрүптүр.

“Сен Ты Youдолбоорунун алкагында Сузак районунун№77 Т. Байзаков атындагы мектебинин окуучуларынындемилгеси менен жаштардын чыгармачыл өнүгүүсү үчүнборбор ачылган экен. Балдардын бул идеясын ишкеашырууга ата-энелер жана жергиликтүү бийликкөмөктөшүптүр.

Чексиз Достукдолбоорунун катышуучуларынындемилгеси менен Жалал-Абад облусунун Көк-Серекайылында улуу жана жаш муундардын ортосундагыдостукту бекемдөө максатында парк курулуптур.

“Визит Жалал-Абаддолбоорунун алкагында Арстанбапайыл аймагынынКелечек” конок үйүнүн негиздөөчүсүМаматкулова Айжаркын грант утуп алып, конок үйүнүншарттарын жакшыртуу максатында жаңы эмерек жанажабдууларды сатып алыптыр. Жыйынтыгындатуристтердин санын көбөйүп, кирешеси жогорулаптыр. Акмарал сыяктуу жаратман жаштарга ыраазычылык айтып, колдой турган жердебиз

Туристтерди тейлөө туруктуу иш

Ал эми Чынара Жусупова жетектегенЖалал-Абаджарандык коомду колдоо борборукоомдук фонду FSDS уюму менен биргеликте GIZ Германия өнүктүрүү агенттиги,  ЕвроБиримдиктин каржылоосу менен Жалал-Абад облусункомплекстүү өнүктүрүүдеген чоң долбоордун алкагындаэлет аялдарын, жаштарын кошумча киреше табуусун колдоомаксатында бир топ  иштерди алып барган. Долбоор жашүй-бүлөлөрдүн, аялдардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүнжергиликтүү тамак-аш азыктарын сатып, тиричиликкылуусуна шарт түзөт.

Туристтерди жатакана менен камсыздап, тамак-аш, кайра иштетилген сүт азыктарын, дары чөптөрдү сатышат. Долбоор эки жылдан ашуун иштер, 30 дай үй-бүлө карпжаттапкан. Ошондой эле долбоордун алкагында туристеердитейлөөнүн, тамак-аштын сапатын жакшыртуунун сырларынүйрөткөн окуулар өткөрүлгөн. Туристтерди тейлөө үчүнжыгачтан жана темирден жасалган боз үйлөр, күндүн нуруменен жылый турган жуунучу жайлар жана эко-дааратканалар, керектүү мебнль, оргтехникалар, идиш-аяктардан бери сатылып берилген. Мындай жакшы иштердижасаган мамлекеттик уюмдар өлкө аймагында арбын.                                                          

Канышай Мамыркулова

 

Бул материал «Медиа Өнүктүрүү Борбору» коомдукфонду менен Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасынын өнөктөштүгүндө, «Strong CivilSociety Makes a Strong State Campaign» долбоорунуналкагында даярдалып, Кыргыз РеспубликасындагыАмерика Кошмо Штаттарынын элчилигинин колдоосуменен жарык көрдү.

Share: