ЭТИЧЕСКИЙ КОДЕКС ЖУРНАЛИСТА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
***
Принят на Республиканском съезде журналистов 8 декабря 2007 г.
Поправки внесены на республиканских конференциях журналистов: 16 апреля
2009 г.; 8 декабря 2012 г., 26 мая 2018 г., а также на форуме “Медиа в
Кыргызстане: шаги в будущее” 23 марта 2022 г.
***
Этический кодекс журналиста Кыргызской Республики принят с
целью формирования этических и профессиональных стандартов
среди журналистов, СМИ, включая интернет-издания, независимо
от направленности и редакционной политики, для повышения их
профессионального уровня, а также ради сохранения доверия и
уважения к ним
***
При освещении теракта и контртеррористической операции журналист понимает, что спасение людей и право человека на жизнь первичны по отношению к любым другим правам и свободам.
Журналист избегает описания подробностей, которые могут усложнить задачу спасения людей, ему также рекомендуется отказаться от излишнего натурализма при показе места события и его участников.
Журналисту необходимо помнить, что экстремистские и террористические организации стремятся использовать СМИ в своих целях для изложения своей позиции и влияния на общественное мнение.
Журналистам рекомендуется маркировать в материалах упоминание экстремистских и террористических организаций, чья деятельность в судебном порядке запрещена на территории Кыргызской Республики.
Не допускается избирательное цитирование социологических исследований, искажающее их содержание. Опросы общественного мнения не должны дезинформировать и вводить в заблуждение граждан с целью получения заблаговременно определенного результата. Журналист воздерживается от
цитирования анонимных экспертов, высказавшихся в поддержку или против ситуаций, явлений или людей, являющихся героями журналистских материалов.
Использование иных методов может быть оправданным лишь в случаях, когда такая информация
представляет общественный интерес.
Этический кодекс журналиста КР
КР журналисттеринин этикалык кодекси
2007-жылдын 8-декабрында Журналисттердин республикалык жыйынында кабыл алынган.
2009-жылдын 16-апрелинде, 2012-жылдын 8-декабрында жана 2018-жылдын 26-майында Журналисттердин республикалык конференцияларында, ошондой эле 2022-жылдын 23-мартында “Медиа Кыргызстанда: келечекке карай кадамдар” форумунда түзөтүүлөр киргизилген.
Кыргыз Республикасынын журналистинин этикалык кодекси журналисттердин, ЖМКлардын, интернет-басылмалардын багытына жана редакциялык саясатына карабастан, алардын кесиптик деңгээлин көтөрүү, ошондой эле коомдун аларга ишенимин жана сый мамилесин сактоо максатында кабыл алынды.
1. Журналист сөз эркиндигин, пикир айтуу эркиндигин жана медианын көп түрдүүлүгүн өркүндөтүүгө көмөктөшөт, демократиялуу коомдун манилүү негизи катары сөз эркиндигин коргойт, Кыргызстандын көп улуттуу элинин ынтымагына, ошондой эле өлкөдөгү прогрессивдүү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө көмөктөшөт.
2. Сөз эркиндиги журналисттин ишмердигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кандай гана кырдаалда болбосун ар бир адамдын сөз, ой-пикир айтуу жана маалымат алуу эркиндигине укугун камсыз кылуу үчүн журналист сөз эркиндигин коргоого, маалыматты бурмалоо жана цензура киргизүү аракеттерине каршы турууга тийиш.
3. Журналист жеке максатын көздөп кызмат абалынан кыянат пайдаланышына, материалдарды даярдаганы, маалыматты жашырганы же бурмалаганы үчүн белек, акча же башка сыйлыктарга ээ болушуна, өзгөчө сый менен тейленишине жол берилбейт.
4. Журналисттин жеке кызыкчылыгы анын кесиптик ишмердигине таасирин тийгизбеши шарт. Журналист жеке өзүнүн жана өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктары бар чөйрө тууралуу ЖМК жетекчилигин кабардар кылышы керек. Журналист өз кесибине жараша алган кандай гана маалыматты болбосун ал жарыяланганга чейин жеке пайдасын көздөп пайдаланбоого жана/же кызыкдар тараптарга бербөөгө тийиш.
5. Журналист саясий ишмердүүлүгү жана кайсы бир саясий партияда мүчө болгондугу тууралуу аудиториясына ачык билдирет.
6. Журналисттин жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандын укуктарына каршы, согушту, зомбулукту, расалык, улуттук, жыныстык, гендерлик, региондук, диний, сексуалдык жана социалдык кастыкты пропагандалоо максатында пайдаланышына жол берилбейт. Журналист материалды даярдап жатып жогоруда аталган чөйрөдөгү терс стереотиптер коомдук пикирге чоң залакасын тийгизерин жана басмырлоого, кастык тилди колдонууга жана адам менен жарандын укуктарын бузууга алып келишин түшүнөт. Материалдарды даярдоодо макаланын мазмунунан ажыратуу мүмкүн болбогондон тышкары башка учурларда журналист адамга (же адамдар тобуна) таандык белгилерди, ошондой эле тышкы кебете жана психикалык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүдөн оолак болгону абзел.
7. Журналист жарнама материалдарын даярдап жатып, аларды маалыматтык, аналитикалык жана коммерциялык эмес мазмундагы башка материалдардан бөлүп, алардын коммерциялык мүнөзү аудиторияга ачык түшүнүктүү болушу үчүн тиешелүү рубрикацияны же кошумча белгилерди (символдор) колдонушу кажет.
8. Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе жана бул Кодекстин нормаларына каршы келсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен аны оңдоого милдеттүү.
9. Тартылган сүрөттөрдү жана аларга түшүндүрмөлөрдү, тексттерди, баштемаларын (заголовкаларды) редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видео иретине шайкеш келиши кажет.
10. Фактылар, пикирлер жана божомолдор бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.
11. Журналист ар бир адамдын жана жарандын жеке турмушуна сыпайы жана этият мамиле жасашы абзел. Материалдын каарманынын иш-аракеттери коомдук мааниге ээ болгондо же коомчулуктун кызыгуусун туудурганда гана анын жеке турмушуна кийлигишүүгө жол берилет. Журналист мындай материалдарды жарыялоо алдында үчүнчү тараптардын укуктарына доо кетпей тургандыгын текшериши керек.
12. Балдарга байланышкан маселелерди чагылдырууга журналист бөтөнчө этият болушу шарт. Журналистте жашы жете электин (электердин) жеке жашоосун чагылдыруу үчүн жүйөөлүү негиз жана балдардын ата-энесинин, асырап алгандардын же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу болушу керек. Зомбулук окуяларга катышкан, мыйзамсыз аракеттерге байланышы бар жашы жете электердин аты-жөнүн (же алардын ким экенин таанып билүүгө мүмкүндүк берген белгилерин) жарыялоого жол берилбейт. Аялуу кырдаалдарга тушуккан балдарга байланыштуу маселелерди чагылдыруудагы коомчулуктун кызыгуусу баланын кызыкчылыгына жана укуктарына негизделиши керек.
13. Сот процессин чагылдырууда анын катышуучуларына бирдей мамиле кылуу керек. Соттун чечими чыкмайынча журналист адамды кылмышкер деп атай албайт. Материал даярдап жатканда журналист кылмыш боюнча шектелип жаткан адамдардын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялоодон оолак болушу зарыл. Эгер айыпталгандар таанымал адамдар болсо, же өздөрү ачыкка чыкса, же мыйзам жол берген башка учурларда жарыяласа болот.
14. Журналист кылмыштардын, кырсыктардын жана чукул кырдаалдардын курмандыгы болгон адамдардын, ошондой эле алардын жакындары менен туугандарынын ден соолугуна жана психологиялык абалына залакасын тийгизе турган аракеттерден оолак болушу керек.
Материалдарды даярдоодо журналист кылмыштардын, кырсыктардын жана чукул кырдаалдардын курмандыгы болгон адамдардын, ошондой эле алардын жакындары менен туугандарынын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялоодон оолак болгону кажет. Эгер алар таанымал адамдар болсо, же өздөрү ачыкка чыкса, анда жарыялоо мүмкүн.
15. Журналист экстремизмдин алдын алууга багытталган, радикализм менен терроризмди талдаган жана аларга сереп жүргүзгөн материалды даярдап жатып, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамчылыгын жана бул Кодекстин нормаларын жетекке алышы керек. Террордук аракеттер жана террорго каршы операциялар учурунда адам өмүрүн сактоо жана адамдын жашоого укугу башка бардык укуктар менен эркиндиктерден артык экенин журналист түшүнүүгө тийиш. Журналист адамдарды куткаруу иш-аракеттерин татаалдантып жибериши мүмкүн майда-чүйдөсүнө чейин окуяны сүрөттөөдөн оолак болушу керек, ошондой эле окуя болуп жаткан жерди, анын катышуучуларын көрсөтүүдө ашыкча натурализмден баш тартканы оң. Экстремисттик жана террористтик уюмдар өз позициясын билдирүү үчүн жана коомдук пикирге таасир этиш үчүн ЖМКны өз максаттарына пайдаланууга аракеттенерин журналист эстей жүргөнү абзел. Журналисттерге материалдарында Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тыюу салган экстремисттик жана террористтик уюмдардын аталыштарын белгилеп көрсөтүшү (маркировка кылуусу) сунушталат.
16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары журналист өз маалымат булактарын жашырууга акылуу.
17. Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.
18. Социалдык иликтөөлөрдүн мазмуну бурмалангандай кылып тандалма цитаталарды пайдаланууга жол берилбейт. Сурамжылоолор кайсы бир белгилүү натыйжага жетүүнү көздөп бурмаланбоого тийиш. Журналист өз материалынын каармандарына, тигил же бул көрүнүштөргө жана окуяларга терс же оң пикирин билдирген купуя эксперттердин сөздөрүн колдонуудан баш тартканы абзел.
19. Журналист маалыматты, документтерди, фотосүрөттөрдү, аудио жана видеоматериалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана алууга аракеттениши кажет. Алына турган маалымат коомчулук үчүн зор мааниге ээ болгондо гана башка ыкмаларды колдонуу өзүн акташы мүмкүн.
20. Журналистти анын жеке ишенимине же калыс журналистиканын принциптерине кайчы келген тапшырмаларды аткарууга жана жазууга милдеттендирүүгө болбойт.
21. Журналисттин плагиаттык кылууга жана маалымат колдонуучуларды кандайдыр бир башка жол менен адаштырууга акысы жок. Бирөөнүн жазма же оозеки материалдарын колдонгондо сөзсүз түрдө алынган булакка шилтеме жасоо керек.
22. Журналист ЖМК, социалдык тармактар аркылуу жеке өчүн албоого тийиш.
23. Журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел. Кесиптик тилектештик алкагында журналист кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин кызыкчылыгы үчүн күч үрөөгө тийиш.
24. Журналист өз материалында социалдык тармактардагы жазууларды, пикирлерди колдонуп жатып, алардын жана аккаунттун аныктыгын текшериши керек. Зарыл учурда анын ээси менен байланышып, анын автордугун тактаган учурда гана бул жазууларды материалында колдоно алат.