КТРКнын Коомдук Байкоочу кеңеши жарандык коомго 2012-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Кеңештин төрагасы Фархад Бекманбетовдун айтымында, Байкоочу кеңеш 2012-жылы КТРКнын редакциялык саясатына, корпорациянын уставына жана Байкоочу кеңештин регламентине толуктоолорду киргизип, каналдын 2013-2015-жылдарга каралган өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Ал эми КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдын ырасташынча, 2012-жылы каналдын жаңыртылган веб-сайты жана Коомдук каналдын экинчи каналы болгон “Музыка” каналы обого чыгарыла баштады. Муну менен катар телерадио берүү корпарациянын тарыхын чагылдырган музей ачылганын да айтты. “Миң кыял” радиосун уктуруу аймагы бүткүл республикага кеңейтилди. Ысык-Көл, Талас, Нарында тарта баштады», — деп билдирди КТРКнын Башкы директору К.Оторбаев.
URL: http://www.ktrk.kg/ky/content/ktrknyn-koomduk-baykoochu-keneshi-zharandyk-koomgo-atkargan-ishteri-tuuraluu-maalymat-berdi