Үч айдан бери сегиз иликтөөчү журналисттин СИЗО-1де камакта жатканына биз, Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасынын мүчөлөрү абдан тынчсызданып жатабыз.
Журналисттер массалык баш аламандыкка чакырган деп айыпталып жатышат, бирок буга эч кандай мыйзамдык негиз жок. Айыпталуучулардын өздөрүнүн айтымында, камакта отурган убакыт ичинде бир дагы тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Тергөөчүлөр КР ИИМ башчысы Улан Ниязбековго карата иликтөөлөр боюнча маалыматтарды кайсы булактар бергенин гана сурашкан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин камактагылардын көбүн бошотуу ниетине карабастан, 11 адамдын 8и дагы эле темир тор артында калууда. Ошол эле учурда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыпталган көп адамдар, “келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен” үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми ушундай коррупция менен күрөшкөн, бирок коррупциялык каржылык ресурстары жок журналисттер темир тор артында калып жатышат.
Кармалган журналисттердин баары мыйзамды сыйлаган жарандар жана тергөөдөн жашырынып кетүү ниеттери жок. Алардын бардыгы өздөрүнүн күнөөсүздүгүн жана тагылган айыптардын акылга сыйбастыгын сотто далилдөөнү көздөп жатышат.
Журналистика кылмыш эмес. Журналисттер саясаттын субъектиси эмес, алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу максатын көздөшпөйт. Алардын ишмердүүлүгү — коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн чагылдырууга, коррупция менен күрөшүүгө жана мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоо жол берилгис иш, анткени алардын иликтөөлөрү коомдун бардык катмарынын кызыкчылыгына кызмат кылат.
Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы:
• Камакка алынган журналист — иликтөөчүлөрдү үй камагына же аларды сыртка чыкпоо тил каты менен тезинен бошотууга чакырат.
• Ишти объективдүү жана калыс иликтөөнү талап кылат.
• Кесиптик милдетин аткарып жаткан журналисттерге репрессиялык чараларды колдонууга жол берилбестигин баса белгилейт.
Сөз эркиндиги жана көз карандысыз журналистика – булар демократиялык коомдун түпкү өзөктөрү.
Журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоо — Кыргызстандын өнүгүшү жана келечеги үчүн эң оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон опурталдуу иш.
Директор по связям с органами власти и корпоративным вопросам в Восточной Европе и Центральной Азии TikTok Сергей Соколов прокомментировал инициативу…
Пекин потребовал от Apple Inc. удалить ряд популярных мессенджеров из китайского магазина приложений. Об этом пишет газета The…
Депутат Чингиз Айдарбеков на заседании комитета по международным делам, обороне, безопасности и миграции Жогорку Кенеша поинтересовался у зампредседателя ГКНБ…
ГКНБ обжаловал решение Административного суда о признании решения Минкульта об удалении материала с сайта «Клооп», а потом и о блокировке «Клоопа»…
В Кыргызстане освободили лишь часть из 11 арестованных журналистов. Международное сообщество выражает обеспокоенность. Комитет по…
В ночь с 17 на 18 апреля ряд мобильных операторов и интернет-провайдеров Кыргызстана ограничили доступ…