Контактная информация

Бульвар Эркиндик 35, 720040, Бишкек.

Талас облусунун Бакыян айылынын тургуну Айдана балдарын бекер бала бакчага алып барат. Ушул эле айылда 70 жаштагы апалар дагы спорт залда машыгып ден-соолугун жакшыртып жатышат. Айылдагы бул жана башка жетишкендиктердин баары айыл өкмөттүн бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен алып барган активдүү иш-аракетинин үзүрү.

 

Кыргызстан жумушсуздук боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат. Өлкөдөгү өндүрүштүк завод-фабрикалар саналуу гана. Эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен айыл эли өз алдынча ишкердик менен алектенип, өздөрүн гана эмес, айылдаштарын да жумуш менен камсыз кылгандар бар. Мындай уюмдар өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип, адам укуктарын коргоп, бала-бакча, мектеп, жада калса спорт залына чейин куруп келишет. Бакыян айылы буга айкын мисал болуп бере алат.

«Эл кызматында».

Бешинчи эпизод.

Кыргызстандыктар бири-бирине кантип жардам берип жаткандыгы жөнүндө таржымалдар”.

Бул видео материал «Медиа Өнүктүрүү Борбору» коомдук фонду жана Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы менен биргеликте «Strong Civil Society Makes a Strong State Campaign» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен даярдалды.

_________________________________

 

Жительница села Бакиян Таласской области Айдана бесплатно водит детей в детский сад. В том же селе 70-летние матери поправляют свое здоровье, занимаясь с тренером в фитнес зале. Все эти и другие достижения села – результат активной деятельности администрации села с НПО и международными организациями.

 

Кыргызстан занимает второе место среди стран ЕАЭС по уровню безработицы. В стране всего несколько производственных предприятий. С помощью международных и неправительственных организаций жители создали собственное дело и обеспечивают работой не только себя, но и своих односельчан. Подобные организации помогают нуждающимся семьям по всей стране, защищают права человека, строят детские сады, школы и даже спортивные залы. Ярким примером этого может служить село Бакиян.

«Люди людям». Пятый эпизод.

Данный видеоматериал подготовлен Общественным Фондом «Центр Медиа Развития» и Платформой действий медиа Кыргызстана в рамках проекта «Strong Civil Society Makes a Strong State Campaign» при поддержке Посольства США в Кыргызстане.

 https://youtu.be/shOo6Ux-Wcs

Share: