Categories: Новости

Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк жана укук темасын чагылдыруу боюнча туруктуу рубрикаларды ачууга ЖМКлардын арасында сынак

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана БУУПӨПтүн (ПРООН) “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлору Бишкек шаарындагы, Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош областтарындагы ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын арасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, жаштардын жана этникалык азчылыктардын сот адилетттигине мүмкүнчүлүк жана укук  маселесин чагылдыруу боюнча туруктуу рубрикаларды ачууга сынак жарыялайт.

Бул сынактын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

— элеттик кыз-келиндерге, балдарга, жаштардын опурталдуу тобуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана этникалык азчылыктарга өзгөчө көңүл буруу аркылуу калктын алсыз катмарларынын укуктук маселелерин жакшыртууда көмөктөшүү;

— Эл аралык укук коргоо стандарттарына жана сунуштарга ылайык акыйкаттыкка жетүүнү жана укуктук жардамды жакшыртуу.

Аялдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жаштардын опурталдуу тобундагылар акыйкаттыкка жетүүдө орчундуу көйгөйлөргө туш болот. Билимдин жана тажрыйбанын жоктугу, экономикалык көз карандылыгы, өзүлөрүнүн укуктарын жакшы билбегендиги, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жолдору тууралуу коомдун начар кабардар болушу жана көпчүлүк учурда керектүу документтердин жоктугу укук коргоо органдары, сот, бейөкмөт уюмдары, укуктук клиникалар, аксакалдар соту сыяктуу расмий жана расмий эмес акыйкаттыкка жетүү боюнча органдарга кайрылууда кыйынчылыктарды жаратат.

Сынактан өткөн теле жана радио компаниялар, басма сөз жана интернет-басылмалар 7 ай бою “Журналисттер” коомдук бирикмеси менен макулдашылган график боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, опурталдуу топтогу жаштардын жана этникалык азчылыктардын акыйкаттыкка жетүү темасын чагылдыруу боюнча атайы ачылган туруктуу рубриканын алкагында матералдарды даярдап турушат. Ар бир материал үчүн акы төлөнөт.

Сынакка катышуу үчүн journalist.kg@gmail.com электрондук дарегине төмөнкүлөрдү жөнөтүү керек:

— ЖМК же интернет басылманын жетекчиси тарабынан кызыгуу каты;

— ЖМКнын же интернет-басылманын конкреттүү темалар боюнча материалдын көлөмү, саны жана мезгилдүүлүгү боюнча көз карашы жана сунуштары;

— Аталган тематикага материалды даярдай турган журналисттин резюмеси.

Документтер кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Акыркы кабыл алуу күнү 2015-жылдын 10-июнунда саат 12:00дө токтотулат. Документтердин толук топтому гана каралат.

Recent Posts

Платформа действий медиа Кыргызстана призвала отменить приговоры четырем журналистам

Платформа действий медиа Кыргызстана выражает глубокое возмущение несправедливым решением Ленинского районного суда Бишкека в отношении…

3 месяца ago

ЗАЯВЛЕНИЕ ПЛАТФОРМЫ ДЕЙСТВИЙ МЕДИА КЫРГЫЗСТАНА

Платформа действий медиа Кыргызстана выражает глубокое возмущение несправедливым решением Ленинского районного суда г. Бишкек в…

3 месяца ago

Дело 11 журналистов. Amnesty International призывает снять обвинения

Международное движение Amnesty International призвало власти Кыргызстана снять «необоснованные обвинения» с журналистов Temirov Live и «Айт Айт Десе» накануне…

3 месяца ago

Дело 11 журналистов. Часть подсудимых получила тюремный срок

Ленинский районный суд Бишкека сегодня, 10 октября, огласил приговор по делу 11 бывших и действующих сотрудников издания Temirov Live.…

3 месяца ago

В Кыргызстане введут штрафы за оскорбления в СМИ и интернете

В Кыргызстане намерены ввести штрафы за клевету и оскорбления в СМИ и интернете. В экспертном…

4 месяца ago

«Давайте напишем, что это одно из отделений ГКНБ или МВД». За что депутаты раскритиковали карательный законопроект Минкульта?

Предложенный администрацией президента законопроект о наложении штрафов за распространение ложной информации в средствах информации и…

4 месяца ago