Азыр көрөрман коомдук телерадиоканалдын эфиринен кетип жаткан маалыматтарды кунт коюп байкап турат. Коомдук телерадиоканал деген статуста иштегенден бери аз убакыт өтсө дагы редакциялык кеңешчининин дарегине КТРКнын угармандарынан жана көрөрмандарынан 125 кайрылуу келип түшкөн.
Биз жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, кыргызстандык элдин көпчүлүгү өлкөдө болуп жаткан окуяларды, маалыматтарды негизинен КТРКнын берүүлөрүнөн алышат. Учурдагы көрөрмандар эмнеге көңүл бурушат?
Редакциялык кеңешчиге түшкөн кайрылууларга ылайык, көрөрмандар КТРКда саясий жаңылыктар менен берүүлөрдү азайтып, социалдык программаларды көбөйтүү зарылдыгын айтат. Учурдун көрөрманы талапты катуу коет. Ага кесиптик жогорку деңгээлде даярдалган продукция зарыл. Бул жагдайда КТРКнын журналисттик тобу адистик деңгээлин жогорулатышына байланыштуу көп кайрылуулар келип түшкөн. Муну менен катар көрөрман эфирден спорттук, маданий-агартуучулук, үй-бүлө институту, үй-бүлөлүк дөөлөттөргө арналган программаларды көбүрөөк көргүсү келет. Ошондой эле кыргыз тилиндеги кыргыз фильмдеринин, улуттук музыкалык программалардын көбүрөөк болушун сунуш кылышкан.
Жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, өлкөдөгү маанилүү саясий окуялардын мезгилинде көрөрмандар көп кайрылган. Саясий жаңжалдар менен оппозициянын митингдери учурунда, КТРК эфиринен күн кечке тигил же бул саясатчыны каралаган берүүлөр кетип жатканына көрөрмандар нааразылыгын билдиришкен.
Биздин сунуштардын негизинде КТРКнын журналисттерине өлкөнүн мыйзамдарына жана журналистиканын стандарттарына каршы келген материалдарды эфирге кетирүүгө болбой тургандыгын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Көрөрмандар жогорку деңгээлдеги аналитикалык программалардын жоктугуна нааразы, эфирге чыккан аналитикалык деген программаларды андай деш кыйын. Бул журналисттер аналитикалык программаларды даярдашка али даяр эместигинен кабар берет.
Коомдук телерадиоберүүлөрдүн негизги вазийпасы биринчи кезекте караламан калктын проблемаларын аны чечүүчү адамдарга теле, радио аркылуу жеткирүү болуп саналат. Коомдук телерадиоберүүлөр бийликтин маалыматтарын жеткиргич же анын көрсөтмөлөрү менен тапшырмаларын аткаргыч эмес, коомчулуктун үнү болушу зарыл. КТРК аркылуу маалымат алып жаткан катардагы көрөрман калк, коомдук ТРБ дегендин маңызы ушунда, деп баса белгилешти. Теленин көрөрмандарына катардагы адам сыяктуу эле күндөлүк иштери, өздөрү туш болгон маселелер, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иш-чаралар, тиричиликти жакшыртуудагы альтернативалар тууралуу маалыматтарды билүү же угуу кызык. Ушуга байланыштуу КТРКнын журналисттери жаңылыктарды же башка программаларды даярдоодо көндүм болгон калыптан чыгып, проблеманы чагылдыруунун башкача ракурстарын издөөсү, чыгармачылык изденүүсү зарыл.
Теленин көрөрмандары редакциялык кеңешчиге кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, журналисттер менен алып баруучулардын кийимине, маектегшкенине, сүйлөө манерасына, журналисттердин кимге жан тартып жаткандарына да сын айтышты. Бул жерден канча адам болсо ошончо пикир болорун эске алуу зарыл, кай бирлери КТРКнын берүүлөрү жалаң гана мамлекеттик тилде чыгат десе, кай бирлери тескерисинче, кыргыз тилиндеги берүүлөр аз, аларды көбөйтүү керек , дешет. Мындай учурда “Журналист” коомдук бирикмеси КТРКнын программмаларына жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы жардамга келет. Анда КТРК нын берүүлөрүнүн 70%ы мамлекеттик тилде чыгат экен.
Редакциялык кеңешчи иштегенден бери маалымат кардарлары менен телефон, электрондук жана интернет байланыштар аркылуу карым-катыш жүргүзүп жатат. Коомчулук менен мындай карым-катыш КТРКда болуп жаткан өзгөрүүлөргө кимдин кандай кызыгуулары бар же жок экенин көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Менимче, так эле ушундай карым-катышты КТРКнын өзү, анын командасы менен кардарларынын, коомчулуктун ортосунда орнотуу маанилүү. КТРКнын көрөрмандары менен угармандарынын арасында, айрыкча алыскы аймактарда түшүндүрүү иштерин такай алып баруу зарыл. Бул иш коомдук телерадиоберүүлөр дегендин маани-маңызын жеткирүүгө багытталуусу керек. Кыргызстандын коомдук телерадиоберүүлөрүнө аз гана убакыт болсо дагы, жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды учурда КТРКнын жактоочулары эле эмес, анын каршылаштары дагы колдоп жатышат. Ошондуктан, жетишкендиктер менен гана токтоп калбастан, кемчиликтерди көрүп, моюнга алып, оңдоого умтулуу зарыл, ошондо гана Коомдук телерадиоберүүлөрдүн башкы миссиясын — Борбор Азиядагы эң алгачкы коомдук каналдын миссиясын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Маалымат үчүн: КТРКнын Редакциялык кеңешчисин Байкоочу Кеңеш 2011-жылы сентябрдын аягында шайлаган. Редакциялык кеңешчи КТРКнын телерадио эфиринен кетип жаткан маалыматтарды пайдалануучу кардарлардын укуктары менен эркиндиктерин бузуудан же чектөөдөн сактоодо КР КТРКнын Байкоочу Кеңешинин көз каранды эмес консультанты болуп саналат. Ал КТРКнын көрөрмандары менен угармандарынын жана журналисттердин омбудсмени деп айтса да болот. Редакциялык кеңешчи КР КТРКнын менеджментинен , мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан көз каранды эмес. КР КТРКнын Редакциялык кеңешчисинин иштерине кийлигишүүлөргө жана ар кандай формада таасир этүүгө тыюу салынат.
Эгерде Сизде суроолор же сунуштар болсо төмөнкү дарекке кайрылсаңыз болот:
Бишкек шаары, Жаш Гвардия көчөсү, 59, 57-кабинет. Телефондор: (312) 656721,
sovetotv@gmail.com, Редакциялык кеңешчи.
Платформа действий медиа Кыргызстана выражает глубокое возмущение несправедливым решением Ленинского районного суда Бишкека в отношении…
Платформа действий медиа Кыргызстана выражает глубокое возмущение несправедливым решением Ленинского районного суда г. Бишкек в…
Международное движение Amnesty International призвало власти Кыргызстана снять «необоснованные обвинения» с журналистов Temirov Live и «Айт Айт Десе» накануне…
Ленинский районный суд Бишкека сегодня, 10 октября, огласил приговор по делу 11 бывших и действующих сотрудников издания Temirov Live.…
В Кыргызстане намерены ввести штрафы за клевету и оскорбления в СМИ и интернете. В экспертном…
Предложенный администрацией президента законопроект о наложении штрафов за распространение ложной информации в средствах информации и…