КТРКнын жаңы жетекчиси кызматына киришти

Жайнак Үсөн уулу Коомдук телерадио корпорациясынын директорлук кызматына киришти.

Бүгүн, 19-мартта каналдын мурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү аяктады.

Белгилүү болгондой, каналдын жаңы директору Жайнак Үсөн уулун бүгүн Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев каналдын жалпы жамаатына тааныштырды.

Айта кетсек, 6-мартта КТРКнын башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланган. Ага Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берген. Ал буга чейин НТС каналын жетектеп келген.

URL: https://slon.kg/kg/news/ktrknyn-zhay-direktoru-kyzmatyna-kirishti/